• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда коронавирустан улам үйлөнүү тойлорго тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/.Тажикстанда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жарандарга үйлөнүү той өткөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү чечимди өлкөнүн Дин, улуттук салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу комитети кабыл алды.

Мекемеден билдиришкендей, Рамазан айы аяктагандан кийин жарандар жапырт түрдө үйлөнүү той өткөрүүгө арыз бере башташкан.

«Республикалык штабдын сунушун эске алып, коронавирус инфекциясы жайылып жаткандыгына байланыштуу той өткөрүүгө уруксат бербөө чечими кабыл алынды. Тойлор өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин өткөрүлөт», — деди комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда жыл сайын 80 миңден ашык түгөй баш кошот.

Пикир

Оставить комментарий