• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 7 миң 871 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Тажикстанда 11-августка карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин жалпы саны 7 миң 871 адамды түздү, 6 миң 653 адам же бейтаптардын 84,5%ы айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгон кишилердин саны 63кө жетти. Өткөн суткада 44 кишинин вирус жуктуруп алганы аныкталган, бир адам өлгөн.

Расмий маалымат боюнча өлкөдөгү 85 медициналык мекемеде коронавируска каршы 7 миң 500 дарыгер жана 25 миң орто звенодогу медициналык кызматкер иштеп жатат.

Бул арада америкалык Жонс Хопкинс университети 11-августта дүйнө жүзүндө вирус жуктургандардын саны 20 миллиондон ашканын жарыялады. Жалпысынан 727 миң адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий