• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда коронавирустун "дельта" штаммы катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун "дельта" штаммы катталганын ырастады.

Мекеме башчысынын орун басары Гафур Мухсинзода "дельта" штаммын аныктаган тесттин жыйынтыктары Лондондогу атайын референс-лабораторияга жөнөтүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, буга карабастан бийлик абалды туруктуу деп эсептейт, мындан улам жалпы улуттук карантин киргизүү зарылдыгы жок.

"Дельта" вирусу былтыркы вируска салыштырмалуу кыйла тез жайылат. Ошондуктан биз бардык жарандарды санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого чакырабыз", — деп кошумчалады ал.

Быйыл март айында Индияда коронавирустун жаңы түрү пайда болуп, ал "Дельта штамм" деген аталышка ээ болгон. Бүгүнкү күндө ал дүйнөнүн 111 өлкөсүнө жайылган.

Расмий маалыматка ылайык, 26-июлга карата Тажикстанда коронавирус жуктургандар 14 592 кишиге жетип, пандемия башталгандан бери 117 бейтап каза болду. Бирок адистердин көпчүлүгү өлкөдө коронавирус жуктургандар жана андан көз жумгандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин айтып келишет.

Пикир

Оставить комментарий