• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы башчысы 15 жылга кесилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Тажикстандын Жогорку соту Коррупция менен күрөшүү агенттигинин мурдагы башчысы Фируз Холмуродзоданы 15 жылга түрмөгө кести. Өкүм 19-сентябрда чыкты.

Маалыматтарга караганда, сот Холмуродзоданын мүлкүн мамлекеттин карамагына алып, жазасын өтөп бүткөн соң жетекчилик кызматта 5 жыл иштөөсүнө тыюу салды.

12-сентябрда өткөн акыркы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Фируз Холмуродзоданы 17 жылга кесүүнү сураган. Бул иш жашыруун териштирилип, сот жараяны жабык эшик артында өттү.

Аны менен бирге антикоррупциялык мекеменин мурдагы беш кызматкери дагы ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылышты.

Тажикстанда антикоррупциялык агенттиктин кызматкерлери гана эмес, Бажы кызматы менен Башкы прокуратуранын үч кызматкери дагы соттолууда.

Пикир

Оставить комментарий