• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда коррупцияга каршы күрөшкөндөргө бир кызматта 3 жылдан ашык иштөөгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Тажикстанда Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин кызматкерлерине бир кызматта үч жылдан ашуун иштөөгө тыюу салынды.

Тажик өкмөтү кабарлагандай, бул чечим жемкорлук менен күрөштү күчөтүүгө багытталган. Министрлер кабинети бир кызматта узак мөөнөт иштеген адам башка мамлекеттик кызматкерлер менен “кутумга” барышы мүмкүн деп эсептейт.

Тажикстан өкмөтү кабыл алган токтомдо ратоция үчүн кызматкердин макулдугу керек эместиги, бул милдетүү мүнөзгө ээ экени айтылган.

Документте кызматкер жигердүү иштеп, мамлекеттик тапшырмаларды так аткарган учурда гана ротация иш жүзүнө аша турганы да белгиленген.

Буга чейин Тажикстанда прокуратура жана милиция кызматкерлери бир кызматта беш жылдан ашпаган мөөнөткө гана иштеп келишкен. Эми алардын катарын коррупцияга каршы агенттиктин өкүлдөрү да толукташты. Бирок бир кызматта иштөө мөөнөтү 3 жылды гана түзөт.

Тажикстанда Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттиги 2007-жылы түзүлгөн, бирок жемкорлук маселеси азыркыга чейин курч бойдон калууда.

Өлкө Transparency International Index рейтингинде 180 мамлекеттин ичинен 150-орунда турат. Тажикстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий