• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда кош бойлуу келин өзүнө өрт койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Алты күн мурун өзүнө кол салган Куляб шаарынын жашоочусу Фарзона Гуломова кайненеси жана кайын сиңдиси суицидге жеткиргенин билдирди. Анын айтымында, экөө аны дайыма кысымга алып турушкан, акыркы сапар ал буга чыдай алган эмес.

Келин 19-сентябрда 20% күйүк менен Куляб шаарындагы ооруканага жаткырылган. Жаш үй-бүлөнүн үч жаштагы кызы бар. Дарыгерлердин айтымында, өзүнө өрт койгон учурда ал кош бойлуу болгон. Түйүлдүк жабыркаган эмес.

Фарзонанын айтымында, терагедия болгон күнү үйдө 150 сомони (16 доллар) жана телефон жоголгондуктан, жаңжал чыккан. Кайын-журту бул үчүн келинди күнөөлөшкөн. “Мен чыдай алган жокмун, күйөөмө ажырашалы же үй салганча батирге чыгалы деп айттым. Бул маалда кайненем кирип келип: "эшикке чыгарып кой, сени башкага үйлөнтөбүз деди”, - деп билдирди Фарзона Гуломова.

Анын билдиришинче, жолдошу апасын жана карындашын колдоп, аялын сабаган. Келин үмүтүн үзүп, мончого барып, өзүнө өрт койгон.

Жабырлануучунун күйөөсү жаңжал кызганычтан улам чыкканын жана аялы эртең менен өзүнө кол салганын билдирди. Ал жубайын сабаганын мойнуна алган жок.

Үй-бүлөдөгү башка келиндин айтымында, мындан бир нече күн мурун үйдө кайненесинин алтын чынжыры жоголгон. Ал келиндерин суракка алып, жаңжал чыгарган.

Укук коргоо органдары окуяны иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий