• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн жаран соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Тажикстандын Ховалинг райондук соту келинин өлтүргөн жергиликтүү тургун Сафар Носировду 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Сотто Носиров 28 жаштагы Шахноза Абдураззакованы муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алды. Окуя быйыл 18-майда, келини жыйылган тезектерди уратып алгандан кийин болгон.

Носировдун айтымында, ал келининин тезектерди кайра жыйып коюудан баш тартканына жини келип өлтүрүп алган. Соттолгон адам буга чейин да Шахноза айткандарын аткаруудан баш тартып келгенин белгиледи.

Өлтүрүлгөн маалда Шахноза Абдураззакованын эки айлык боюнда болгон. Бул окуядан кийин анын биринчи кызы тайларына берилген.

Окуя болгон маалда келиндин күйөөсү үйүндө эмес болчу. Анын айтымында, буга чейин да атасы менен жубайынын ортосунда майда нерселер үчүн талаш-тартыш болуп келген.

Сафар Носиров дыйканчылык менен алектенчү. 90-жылдары алдамчылык айыбы менен үч жылга соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий