• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда кумсаны опузалаган милиция кызматкерлери камалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Тажикстанда кумсаны опузалагандыгы үчүн үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери кумсанын салттуу эмес сексуалдык ориентациясы тууралуу маалыматты жарыялабоо үчүн андан 5 миң сомони (600 доллардан ашык) талап кылышкан.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар 3 миң сомони алып жаткан жеринен кармалышкан, 2 миң сомонисин андан бир канча күн мурда алышкан. Милиция кызматкерлерине карата опузалоо жана кызмат абалын кыянат пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Тажикстандын ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү тартип сакчылары тарабынан сексуалдык азчылыктардан акча талап кылуу жана опузалоо учурлары көп болоруна даттанып келишет.

Өткөн жыл соңунда өлкөнүн ИИМи менен Башкы прокуратурасы 370ке жакын кумсалардын жана лесбияндардын тизмесин түзгөн. Анда алардын ИИМ тарабынан өткөрүлгөн операциялар маалында аныкталганы айтылган. Башкы прокуратуранын алдындагы «Конуният» («Мыйзамдуулук») журналынын маалыматы боюнча, тизмеде 319 эркек жана 48 аял бар. «Алардын секс-азчылык өкүлдөрү экендиги далилденип, бардыгы оперативдүү эсепке алынышты», - деп жазган басылма.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий