• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тажикстанда курал көтөрүүдөн баш тарткан жоокер соттолууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Тажикстандын Хатлон облусунда диний себептерден улам аскер кийимин кийүүдөн жана курал көтөрүүдөн баш тарткан жоокердин иши сотко жөнөтүлдү.

18 жаштагы Даниил Исломов Тажикстанда тыюу салынган «Иегово күбөлөрү» диний уюмунун мүчөсү. Ал армияга ушул жылдын апрелинде Душанбеде чакырылып, Курган-Төбөдөгү аскер бөлүгүндө кызмат өтөөдө.

«Жоокер диний ишеними жол бербей турганын айтып, азыркыга чейин аскер кийимин бир дагы жолу кие элек»,- деди сотто судья Алишер Рафикзода.

Анын айтымында, Даниил Исломов камакка алынган жок, учурда аскер бөлүгүнүн аймагында. Азырынча сот отурумунун датасы белгилене элек.

Даниил Исломов аскер комиссариатында эле диний ишениминен улам аскер кийимин кийип, курал көтөрө албай турганын билдирген. Апасынын айтымында, уулу альтернативдик негизде жарандык кызмат өтөөгө макул болгон. Бирок аскер комиссариатындагылар каршылыгын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий