• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда кургак учукту дарылаган санаторийдин ордунда бала бакча курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Восей районундагы кургак учук менен ооруган балдардын каралбай калган санаторийи бала бакчага айланат.

Совет маалында Тажикстандагы бул жалгыз санаторийде жүздөгөн балдар дарыланып, реабилитациядан өтүп турган. Бирок жарандык согуш жылдарында мекеменин мүлкү таланып-тонолуп, жарымы бузулган имарат үй-жайсыз кишилердин түнөгү болуп калат.

Райондун акими Мусо Гафурзода билдиргендей, аймактагы эки ири кыштакта бала бакча жок. Эки жума мурун жергиликтүү бийлик Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, санаторийдин ордуна бала бакча курууга уруксат алган:

– Душанбеден келген комиссия макулдук берди, мындан соң биз 200 орунга ылайыкташтырылган бала бакчанын долбоорун даярдадык , – деди ал.

Бирок санаторийде көп жыл эмгектенген Нурахмад Гоибов бул чөлкөм кылдат иликтөөнү талап кыларын, кургак учук кишиден кишиге аба аркылуу жукса дагы, санаторий жайгашкан жердин өзү ууланып калышы мүмкүн экенин билдирди.

Тажикстандын түштүгүндө, өзгөчө Восей районунда кургак учук бир нече жыл мурун өтө ылдамдык менен жайылган. Тоолуу Карагач айлында бул илдеттен көз жумгандар өтө көп болгондуктан, аймакты “Өлүм өрөөнү” деп аташкан. 380дей киши жашаган айылда кургак учук менен оорубаган түтүн калган эмес.

Пикир

Оставить комментарий