• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда кызганычтан улам күйөөсү аялын бычактады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Тажикстандын Хатлон облусунун тергөө органдары Хамадони районунун тургуну Арус Раззокованын өлүмүн иликтөөдө.

«Окуя 18-июнда райондун борборунда болгон. Арус Раззокова менен бир нече күн мурда Орусиядан келген күйөөсү Фаррух Халифаевдин ортосунда уруш чыгып, ал аялына 11 жолу бычак сайган», - деп билдирди тергөө органдарындагы булак.

Анын айтымында, уруш күйөөсү аялын кызганып, аны башка менен жүргөнсүң деп айыптагандан кийин чыккан.

Маалыматтарга караганда, 42 жаштагы Фаррух Халифаев окуя болгондон кийин дароо эле милиция кызматкерлерине өзү барган. Акыркы кездери ал Орусияда иштеп жүргөн, төрт баласы бар.

Фаррух Халифаевге каршы адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал сегиз жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Июндун башында Душанбеде 33 жаштагы Мохира Ятимова мурдагы күйөөсү Бобожон Ширинов тарабынан өлтүрүлгөн. Анда да алардын ортосунда уруш чыгып, Ширинов мурдагы аялына 11 жолу бычак сайып качып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий