• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда өлкөгө келген чет элдик туристтерге төлөм киргизилди

Коом 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Тажикстанда өлкөгө келген чет элдик туристтер менен туристтик компаниялар аркылуу чет жерге чыккан өлкө жарандары үчүн мамлекеттик төлөм киргизилди. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бүгүн Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы жактырган.

"Бүгүн, 26-апрелде өкмөттүн сунушу менен парламенттин төмөнкү палатасы "Бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр жөнүндө" мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды", - деп билдирет аталган палата.

Бул долбоорду тааныштырып жатып, Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода, өзгөртүүлөргө ылайык Тажикстанга келип жаткан чет элдик туристтерден мамлекеттик алым алынарын белгилеген.

"Туристтик компаниялар аркылуу туризм максаты менен чет өлкөгө кетип жаткан, ошондой эле ажылыкка чыгып жаткан Тажикстандын жарандарынан да алым алынат", - деген ал.

Анын айтымында, Ата мекендик согуштун ардагерлери, Чернобылдагы АЭС кырсыгын жоюуга катышкандар, биринчи жана экинчи топтогу майыптар, 16 жашка чейинки балдар менен дипломаттардан алым алынбайт.

Алымдын өлчөмүн өлкөнүн өкмөтү чечет.

Пикир

Оставить комментарий