• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда Лохути атындагы сыйлыкты быйыл беш журналист алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Тажикстандын журналисттер бирикмеси өлкөнүн Басма сөз күнүнө карата Абулкосим Лохути атындагы ар жылкы сыйлыктын лауреаттарын жарыялады.

Комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен бул сыйлыкка 35 журналисттин ичинен бешөө ээ болду.

Радио тармагы боюнча сыйлык «Имруз» радиосунун кызматкери Худоёр Валиевге, телеберүү тармагы боюнча «Точикистон» телеканалынын журналисти Мухаммадражаб Ханафияга, басма сөз боюнча «Омузгор» гезитинин кабарчысы Ноилшо Нуралиевге, «Мароми пойтахт» гезитинин журналисти Хакназар Каримзодага жана публицист Абдулвохид Оевге ыйгарылды.

Мындан тышкары «жылдын эксперти», «жылдын башкы редактору», «жылдын журналисти», «жылдын журналы», «жылдын телеканалы», «жылдын радиосу», «жылдын тармактык басылмасы», «жылдын тармактык журналы» жана «жылдын гезити» номинациялары боюнча да сыйлыктар тапшырылды.

Республикалык Лохути сыйлыгы 1968-жылы негизделип, жыл сайын мыкты журналисттик эмгектер жана жетишкендиктер үчүн тапшырылып келет.

Тажикстанда Басма сөз күнү 11-мартта белгиленет. 1912-жылы бул күнү тажик тилиндеги алгачкы «Бухорои Шариф» гезити жарык көргөн.

Пикир

Оставить комментарий