• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда өмүр бою соттолгондор иштөө мүмкүндүгүнө ээ болушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Тажик бийлиги атайын абак куруп, өмүр бою соттолгон жарандарды иштетүүгө ниеттенип жатат. Бул үчүн өлкөнүн «Жазаларды аткаруу тууралуу» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандарды иш менен камсыз кылуу маселеси быйыл январдын аягында өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода башында турган жумушчу топтун жыйынында каралган. Азырынча камактагылардын кандай жумуштарга тартыла тургандыгы белгисиз.

Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров жакынкы эки айдын ичинде өмүр бою соттолгондор үчүн түрмө курууга даярдыктар баштала турганын билдирди. «Бардыгы абактын башкы планына жараша болот. Анда атайын курулган имараттарда өмүр бою соттолгондор эмгек ишмердүүлүгүнө тартылышат», — деди Умаров.

Учурда өлкөдөгү айрым абактарда камактагыларга акча иштеп табуу мүмкүндүгү берилген. Алар жасаган сандыктар, бычактар жана бешиктер базарларда сатылат.

Тажикстан 2004-жылы өлүм жазасына мораторий киргизип, анын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонула баштаган. Айрым маалыматтар боюнча учурда өлкө абактарында 80 миңге жакын адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий