• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда мажбурлап күйөөгө берүүгө каршы чыккан кыз өз жанын кыйды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Тажикстан улуттук университетинин биология факультетинин 2-курсунун студенти 4-кабаттын терезесинен секирип мерт болду. Маркум Зокирамох Холбоеванын курсташтары менен мугалимдери жакшы окуган студент эмне себептен бул кадамга барышканын анык билишпейт.

Курсташтарынын айтымында, Холбаева университетте жакшы окуган, бий ийримине катышкан кыз болчу. Студенттер Зокирамох үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу ушул кадамга барган болушу ыктымал деп божомолдошууда. Айрым маалыматтар боюнча ата-энеси кызын зордоп күйөөгө берүүгө ниеттенишкен.

Зокирамохтун туугандары бул окуя боюнча түшүндүрмө берише элек. Студент кыз 11-ноябрда өзүнүн кичи мекени Истаравшан шаарында жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий