• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда мектеп каникулдарын кайра карап чыгууну сурашууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Ата-энелер тобу тажик бийлигинен окуучулар үчүн мурдагы эс алуу ырааттамасын калтырууну сурашты. 600 кишинин колу коюлган кайырлуу президенттин аппаратына 28-майда келип түштү.

Петициянын авторлору күзгү жана жазгы каникулдарды жоюу балдардын саламаттыгына терс таасир берерин, окуучулар чарчап, сабакка көңүлү чаппай каларына көңүл бурушууда. «Психологиялык жактан алганда, узакка созулган кышкы эс алуудан кийин окуу жараянына көнүү кыйын», - деп жазган ата-энелер.

2010-жылы Тажикстан билим берүү министрлиги күзгү жана жазгы эс алууларды жоюп, окуу жылын экиге гана бөлүп койгон.

Ошол эле маалда кышкы эс алуу 1-январдан 1-февралга чейин созулуп, окуу жылы 7-июнда аяктайт. Билим берүү министрлиги бир айлык каникул учурунда ар кыл иш-чараларды, олимпиадаларды өткөрүүнү пландаган.

Министрликтеги аткаминер мурдагы эс алуу ырааттамасын калыбына келтирүү боюнча кайрылуу каралып жатканын, маселе ата-энелердин пайдасына чечилиши ыктымал экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий