• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда мектеп окуучулары 14-июнга чейин окушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Тажикстанда мектеп окуучулары 14-июнга чейин окушат. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, Тажикстандын Билим берүү министрлиги окуу жылы былтыркыдай эле 14-июнга чейин узарып жатканы боюнча түшүндүрмө берип, өлкөдөгү окуу процесси башка өлкөлөрдүкүнөн айырмаланарын айтышкан.

"Бүгүнкү күнү Тажикстанда окуу процессине белгиленген убакыт башка мамлекеттердин окуу процессинен айырмаланат. Ал көпчүлүк мектептерде сабактар эки нөөмөттө өткөрүлгөнү менен байланыштуу", - деген министрликтин басма сөз кызматкери Эхсони Хушбахт.

Анын айтымында, өлкөдө сабактардын санын көбөйтө алышпайт. Мындан улам, окуучулар мектеп программасын өздөштүрүшү үчүн окуу күндөрүнүн санын көбөйтүүгө – 14-июнга чейин узартууга туура келет.

Агенттиктин жазганы боюнча, Тажикстандын мектептеринде окуу жылы 36 окуу аптасынан турат (1-класстар үчүн 35 жума). Биринчи чейрек 1-сентябрда башталып 31-октябрда аяктайт. Экинчи чейрек 11-ноябрдан 31-декабрга чейин, үчүнчү чейрек 11-январдан 20-мартка дейре жана төртүнчүсү 1-апрелден 14-июнга чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий