• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстанда мектептер менен бала бакчалар каникулга жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Тажикстанда коронавирус жайылуу коркунучунан улам мектептер жана бала бакчалар 27-апрелден тартып 10-майга чейин каникулга жабылды. Жогорку окуу жайлары болсо адаттагыдай эле ишин уланта берет.

Тажикстан Билим берүү жана илим министрлиги чечимди COVID-19дун алдын алуу боюнча республикалык штаб кабыл алганын билдирди.

Бул арада штаб азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн буудай, күрүч, чечевица, буурчак, маш буурчак, жумуртка, картошка жана эттин бардык түрүн экспорттоого тыюу салды.

Мындан тышкары массалык иш-чараларды, анын ичинде семинарларды, спорттук мелдештерди өткөрүүгө, кинотеатр жана театрлардын ишине чектөө киргизилди.

Бүгүнкү күндө Тажиктанда коронавирустун лабораториялык шартта далилденген учуру катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий