• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда милициянын капитаны тапанчасы менен аялын өлтүргөн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Тажикстанда Вахш районунун тургуну Турсунай Аминованы жергиликтүү милиция бөлүмүндө иштеген күйөөсү өлтүргөн. Хатлон облустук прокуратурасынан билдиришкендей, ал аялын табелдик куралы менен эки жолу аткан.

Окуя 8-сентябрдан 9-сентябрга оогон түнү болгон. Милициянын капитаны Набижон Аминжонов Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар аяктагандан кийин үйүнө келип, ортодогу чырдан улам аялын тапанча менен атып жиберген. Турсунай Аминова ошол жерде жан берген. Күйөөсү мындай кадамга эрезеге жете элек эки баласынын көзүнчө барганы айтылууда.

Бирок адвокаттын айтымында, Набижон Аминжонов айыптоолорду четке кагууда. «Мен жактоого алган адам тапанчанын үнүн аялынан он метрдей алыстагандан кийин укканын айтып жатат. Ал келип аялы өлүп жатканын көргөн. Ал маалда үйдө балдары жок болгонун дагы айтууда», — деди адвокат.

Аминжонов учурда тергөө абагында камакта. Ага каршы «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Өз булактардын маалыматына караганда, бул окуядан кийин жергиликтүү милиция бөлүмүнүн башчысы Рустам Ахмадзода иштен алынган.

Турсунай Аминова жергиликтүү мектепте тажик тили жана адабияты мугалими болчуп иштечү. Коңшулары буга чейин жубайлар ортосунда жаңжалдар болбонун билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий