• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда Мирзиёвдин сапарына карата скульптуралык композиция орнотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сапарына карата Душанбе-Турсунзода унаа жолун бойлой соода кербени менен бараткан төөлөрдүн сөлөкөттөрү жасалды. Өзбек лидери иш сапар менен Тажикстанга 27-28-сентябрь күндөрү барат.

Композицияда Бухарадан Самаркандга жана Хатлондон Гиссарга сапар алган эки кербендин бири-бирин көздөй бара жатканы көрсөтүлгөн. Авторлордун айтымында, ал жүк көтөргөн 12 төөдөн турат жана адамдар соода кербендерин чыдамсыздык менен күткөн мезгилдерди эске салып турат.

Буга чейин өзбек мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Комил Алламжонов Шавкат Мирзиёев Душанбеде өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катыша турганын билдирген. «Кеңири жана тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар документтерге кол коюлат», — деген ал.

Өз булактардын маалыматына караганда, Шавкат Мирзиёев Тажикстанга болгон сапарынын алкагында Турсунзода шаарындагы алюминий заводуна барат. Скульптуралык чыгарма дал ошол тарапты көздөй алып бара турган жолдун жээгине орнотулган.

«Мурда соода кербендери Самарканддан Бухарага, Хатлонго түрдүү товарлар менен азык-түлүктөрдү жеткирип турушкан. Бул чыгарма тажик жана өзбек элдеринин ортосундагы достуктун символу», - деди композиция жайгашкан айылдын башчысы Абдуфаттох Рахмонов.

Жергиликтүү чеберлер тарабынан бир жарым айдын ичинде жасалган скульптуралык чыгарма өлкөнү кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин да кызыгуусун жаратууда.

Пикир

Оставить комментарий