• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда небересин тирүүлөй көөмп салган аял 18 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Тажикстандын Хатлон облустук соту 3 жашар небересин өлтүргөн 58 жаштагы жергиликтүү тургун Хожара Ашурованы 18 жылга эркинен ажыратты.

Соттон билдиришкендей, Ашурова жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу аялды 20 жылга соттоону сураган.

Окуя быйыл 12-сентябрда аталган облустагы Абдурахмон Жоми районунун Навобод кыштагында болгон. Хожара Ашурова үч жашар небересин жаны бар кезинде эле көөмп, бирок ал али кыймылдап жатканын көргөндөн кийин өлтүргөн. Жаш баланын денеси алты күндөн кийин табылган.

Хожара Ашурова тергөө учурунда небересин өз келини Гүлсанам Боймуродованы жек көргөнүнөн улам өлтүргөнүн мойнуна алган.

Пикир

Оставить комментарий