• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда NGN-байланышы калыбына келтирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Тажикстандын уюлдук операторлору 9-январдан тарта Next Generation Network (NGN) түйүнүнүн ишин калыбына келтиришти. Өткөн айдын ортосунда өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматы өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо максатында уюлдук операторлор менен интернет-провайдерлерден NGN-байланышын өчүрүүнү талап кылган.

Маалыматка караганда, шейшемби түштөн кийин Baвилон-М, Tcell, Билайн жана Телеком техноложи уюлдук операторлору NGN-байланыштарын кабылына келтиришкен.

Кечээ Тажикстандагы Билайн уюлдук оператору NGN-байланышы — Salom деп аталган уюлдук тиркемесинин ишин калыбына келтиргенин билдирген. Бирок тиркеме номурларын кайрадан каттоодон өткөргөн абоненттер үчүн гана жеткиликтүү болору кабарланган.

Salom деп аталган тажик тилиндеги мессенжер Билайн тарабынан өткөн жылы февралда ишке киргизилген. Тиркеме аркылуу дүйнө боюнча бекер чалууга, кат алмашууга жана чаттарды уюштурууга болот.

Мурдараак атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия өлкөдө Next Generation Network (NGN) түйүнүнүн өчүрүлүшүнүн жөндүүлүгүн иликтеп жатканы кабарланган. Комиссиянын курамына өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү дагы киргизилген. "Baвилон-М, Tcell, Билайн, Estera жана Intercom уюлдук операторлору комиссияга NGN-түйүнүнүн иши тууралуу отчет бериши керек. Аны өчүрүүгө алып келген бардык шарт-жагдайлар иликтенип чыккандан кийин NGN калыбына келтирилиши мүмкүн», - деген анда өз булактар.

Кийинчерээк өлкөнүн Салык комитети президент Эмомали Рахмонго кат жолдоп, мессенджерлер менен NGN түйүндөрүнүн өчүрүлүшүнүн максаттуу экенин билдирген. Катта эл аралык сүйлөшүүлөрдүн арзыбаган бөлүгү гана уюлдук операторлор менен Viber, IMO жана Skype интернет-мессенджерлерине туура келээри жазылган. Салыкчылардын маалыматына караганда, бул факты төлөнгөн салык көлөмүнүн жана бюджеттин кирешесинин азайышына себеп болгон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий