• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда Нооруз майрамынын символу аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Тажикстанда эл аралык Нооруз майрамы менен улуттук Жаңы жылдын 2019-2021-жылдар үчүн символу бекитилди. Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмондун басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдын символу Тажикстандын Илимдер академиясынын сунушу менен өлкөнүн сүрөтчүлөр бирлиги тарабынан даярдалган. Ал убакыттын өтүшүн жана космосту символдоштурган жети тегерек фигурадан турат. Алар улуттук оймо-чиймелер менен кооздолуп, эң акыркысында сүмөлөктүн жана жазгы гүлдүн сүрөтү тартылган.

Экинчи символ борборунда Жер планетасы тартылган айлана формасына ээ. Анын эки тарабында Улуттук желек менен жаздын символу эсептелген сүмөлөк, чабалекей жана «Нооруз-2020» деп жазылган асан-үсөн тартылган.

Тажик маалымат каражаттары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып, коронавируска байланыштуу быйыл Нооруз майрамына карата массалык иш-чаралар өтпөй турганын билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий