• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда окуучулардын каникулу 16-августка чейин узартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Тажикстанда коронавирус инфекциясы жайылып жатканына байланыштуу орто мектептерде жайкы каникул 16-августка чейин узартылды. Бул тууралуу COVID-19 инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб билдирди.

Окуу 17-августта башталат.

Маалыматка караганда, төртүнчү чейректин баасы буга чейинки үч чейректин жыйынтыктары менен чыгат. Окуучулар ушундай эле ыкма менен класстан класска көчүрүлөт. 9чу жана 11-класстардын окуучулары 15-24-июнь аралыгында бүтүрүү сынактарын тапшырышат. Сынактар кандай шартта өтөрү белгиленген эмес.

Тажикстанда бала бакчалар дагы өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин каникулга жабылган.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 230дан ашуун киши вирус жуктуруп алган, үчөө көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий