• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда окуучуну сабаган милиция кызматкери иштен алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Тажикстанда сабак учурунда 11-класстын окуучусун сабаган Исфара облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жумуштан алынды.

Милиция кызматкери тарабынан сабалган Акбар Довудовдун айтымында, ал 16-сентябрда экинчи сабакка кечигип келгендиги үчүн токмоктолгон.

— Ошол маалда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биздин аймакка милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Мен кирсем класста Ахад Гайбуллозода аттуу милиционер бар экен. Ал кечиккендигимдин себебин сураганда дааратканада кармалып калганымды айттым. Ал андагы иштериңди бүтүрүүгө беш мүнөт жетишпейби деп кыйкырды. Жок деп жооп берсем сабай баштады, — деди ал.

Бул окуядан кийин окуучунун апасы Алия Довудова жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

— Эки күндөн кийин балам башы ооруп жатканын айтып даттана баштады. Дарыгерлерге көрсөтүп, ал жактан дароо эле милицияга барып арыз жаздым. Азыр Гайбуллозодага карата эч кандай дооматым жок. Мага анын жумуштан алынгандыгы тууралуу документти көрсөтүштү. Апасы телефон чалып кечирим сурады, — деди ал.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн милиция кызматкери Ахал Гайбуллозоданын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий