• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда ондогон имамдар ар жылкы аттестациядан өтпөй калышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Имамдар арасындагы аттестацияны өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети менен Уламалар кеңешинин өкүлдөрүнөн турган комиссия өткөрдү. Азырынча диний ишмердүүлүктөн четтетилген адамдардын так саны белгисиз. Буга чейин өлкө мечиттеринде 265 имам болгон.

2017-жылдагы аттестациянын жыйынтыктары жыл башында жарыяланды. Жакынкы күндөрү беш маал намаз окулган мечиттердин 3 миң имамынын арасында аттестация өткөрүлөрү күтүлүүдө.

Тажикстанда имамдар арасында аттестация акыркы 9 жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактан өтпөй калган айрым имамдар диний ишмердүүлүктөн мыйзамсыз четтетилгенин айтып келишет.

Аткаминерлер имамдардын милдети баяндарды айтып, намаз окуу менен гана чектелбестигин, алар мечитке келгендер үчүн диний мекемелерде шарттарды түзүп бериши керектигин белгилешүүдө.

2014-жылдан тарта мамлекет дин ишмерлери үчүн 800 сомони (90 долларга жакын) өлчөмүндө айлык бекитип берген. Ал эми мечиттерди оңдоп-түзөө иштери кайыр-садагалардын эсебинен жүргүзүлөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий