• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда пара менен кармалган аткаминер 11 жылга эркинен ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Тажикстан Экономикалык өнүгүү министрлигинин инвестицияларды программалоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын төрага орун басары Аскар Нурализода 11 жылга эркинен ажыратылды. Ал 500 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Сино райондун сотундагы өз булак маалымдагандай, өкүм күчүнө кире элек, соттолгон жаран жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылууга укугу бар.

Нурализода былтыр 28-сентябрда Душанбедеги ресторандардын биринде 490 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Коррупция менен күрөшүү агенттигинин кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, дагы 10 миң доллар табышкан.

Маалыматка караганда, аткаминер жергиликтүү тургундан Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизүү үчүн 1 млн доллар пара сураган. Андан тышкары жубайына борбордон $70 миңге батир сатып берүүнү талап кылган. Ага карата Кылмыш кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча иш козголгон.

Пикир

Оставить комментарий