• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда пенсия көбөйөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Тажикстанда пенсия 20-25% жогорулайт. Бирок бул быйыл жылдын башынан тарта пенсияга чыккандарга тиешелүү.

Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин билдиришинче, көптөгөн пенсионерлер 25-30 жыл эмгектенип, натыйжада өтө аз пенсия алып жатканын айтып даттанышкан. Буга байланыштуу жаңы тартип иштелип чыккан.

2017-жылга чейин акыркы эки жылдын маяналары эсептелип, айларга бөлүштүрүлүп келген. Натыйжада быйыл пенсияга чыккандарга өтө аз акча чектелип калган. Мындан ары пенсия "Кепилдендирилген жана мамлекеттик пенсиялар жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде эсептелет.

Учурда Тажикстанда 660 миңден ашуун пенсионер бар, өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 272 сомонини же 30 долларды түзөт. Бул постсоветтик мамлекеттердеги эң төмөнкү көрсөткүч.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий