• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда пенсионерлердин саны 697 миңди түзөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Ушул жылдын 1-октябрына карата Тажикстанда пенсионерлердин саны 697 миңди түздү. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы пенсия жана социалдык камсыздандыруу агенттигинин маалыматы боюнча, жумушта иштегендердин саны дээрлик 2 млрд 320 миңди түзөт. Ошентип Тажикстанда 10 пенсионерге 33 жумушта иштеген адам туура келет.

Ал эми орточо пенсия 31 долларды түзөт.

Тажикстанда аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыгышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, өлкөбүздө пенсионерлердин саны 650 миңден ашат. 2019-жылдын 1-январына карата орточо пенсия 5 миң 404 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий