• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда прапорщикти барымтага алган жоокердин иши жашыруун тергелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Хорог шаарынын аскер прокуратурасы прапорщикти барымтага алган чек ара кызматынын жоокеринин ишине «жашыруун» деген мөөр койду. Окуя 25-августта Вишхарв кыштагында болгон.

Аскер прокуратурасынан кылмыш ишине жашыруун деген гриф коюлгандыктан, тергөө аякаганга чейин ал боюнча комментарий берилбей тургандыгын билдиришти.

Чек ара кызматынын 20 жаштагы жоокери Сафарбек Хонов аскер бөлүгүндөгү прапорщикти барымтага алган. Тергөөчүлөр анын мындай кадамга эмне себептен баргандыгы дале белгисиз экенин айтышууда.

«Аны менен прапорщикти бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик үч саатка созулган. Ал эч кандай шарттарга көнбөй, сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарга ок чыгарган. Мындан улам жооп катары ок атылып, жоокер каза болгон», - деп билдирген булак. Ал барымтага алынган адамдын аты-жөнүн атаган эмес, бирок атышуу маалында ал дагы жаракат алып, Хорог шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдирген.

Сафарбек Хоновдун туугандары анын өлүмүнүн расмий версиясына ишенишпейт. Жоокердин атасы уулу кандайдыр бир себептерден улам бул кадамга барууга аргасыз болгон деп эсептейт. Ал Сафарбектин денесинде көгөргөн тактар болгонун айтып, жакында сотко кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады. Айтымында, буга чейин ал жардам сурап укук коргоочуларга дагы кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий