• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Ушул жумада Рогун ГЭСинин алты агрегатынын алгачкысы өз ишин баштайт. 16-ноябрда аны ишке киргизүү салтанатына президент Эмомали Рахмон катышат.

Маалыматка караганда, салтанатка Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Пакистан, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чарага өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин дагы катыша тургандыгы кабарланууда. Өзбекстандын мурдагы жетекчилиги Тажикстандын Рогун ГЭСин куруусуна каршылыгын билдирип келген.

Тажик президентинин администрациясынан кабарлашкандай, иш-чараны чагылдырууга жергиликтүү журналисттерден тышкары 30га жакын алдыңкы чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрү келет.

Рогун ГЭСинин плотинасынын курулушу 2016-жылы октябрда башталган. Ага президент Эмомали Рахмон жеке өзү катышып, бульдозер менен таштарды толтурган.

​Буга чейин Рогун ГЭСин куруу менен алектенип жаткан Salini Impregilo (Италия) компаниясы 2018-жылы алгачкы эки агрегаты ишке бериле турганын билдирген. Тажик өкмөтү бул италиялык компания менен ГЭСти куруп бүткөрүү боюнча макулдашууга 2016-жылы жайында кол койгон. Маалыматка караганда, макулдашуунун суммасы 3,9 миллиард долларды түзөт. Анда суу сактагычтын плотинасын курууга эле 1 миллиард 950 миллион доллар талап кылынары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий