• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда рубль арзандоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. 30-сентябрда Тажикстандын Улуттук банкы 1000 рублди 131,1 сомониге баалады. Бул бир жума мурдагыга караганда 7-8 сомониге төмөн. Банктар 1000 рублди 129-131 сомониге алмаштырышууда.

Бул арада тажикстандыктар пандемия маалында Россияда иштеген жакындарынан акча которуу азайганын да бышыкташууда.

Тажикстандын Улуттук банкы Россияда рублдин курсу АКШ долларына карата төмөндөп кеткенин, буга байланыштуу Россиянын улуттук валютасы Тажикстанда да арзандаганын билдирди.

Былтыр эмгек мигранттары Россиядан Тажикстанга 2,7 млрд доллар которушкан.

Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде акча которуу 359 млн долларды түзүп, бул өткөн жылдын ушул маалына караганда 103 млн долларга аз болду.

Пикир

Оставить комментарий