• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда «Сатурн-Онлайн» байланыш компаниясынын мүлкү аукционго коюлат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Тажикстандын Салык комитети "Сатурн-Онлайн" байланыш операторунун имаратын жана мүлкүн сатыкка коет.

“Сатурн-Онлайн” компаниясынын 2 миллион 400 миң сомониге (250 миң доллар) бааланган мүлкү салык төлөбөгөнү үчүн камакка алынган. Компания карызынын жарымын төлөгөн. “Сатурн-Онлайн” компаниясынын бересеси учурда 1 миллион 700 миң сомонини түзөт.

“Сатурн-Онлайн” компаниясы 2004-жылы негизделген. Ал телекоммуникациялык тармакта кызмат көрсөтүп келген.

Бир жыл мурун "Кыргызтелеком" компаниясы тажикстандык эки оператор - "Телеком Технолоджи" жана "Сатурн-Онлайн" Интернет үчүн 1 миллион 349 миң доллар карыз болуп калганын маалымдаган. Эл аралык калыстар соту компанияларга карызды жабууну милдеттендирген, бирок "Сатурн-Онлайн" чечимди аткара элек

Пикир

Оставить комментарий