• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда сим-карталардын жаңы баасы аныктала элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Тажикстан президентинин аппаратынын жумушчу тобу тажик сим-картасынын баасын аныктай алган жок.

Президенттик аппарат, Байланыш кызматы, Монополияга каршы кызмат, Тажикстан ИИМи, жана мобилдик компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун биринчи жыйынында сим-картанын баасы бычылбай калды. “centralasian.org" билдиргендей, отурумдун катышуучулары бир пикирге келе алган эмес.

ИИМ жана Байланыш кызматы бир сим-картанын наркы 250 сомони (26,5 доллар) болушу керек деп пикирде. Алар бааны кымбаттатууну коопсуздук маселелери менен байланыштырышууда.

Тажикстан ИИМинин демилгеси менен 1-сентябрдан тарта бир сим-картанын наркы 250 сомони болмок. Августта мобилдик операторлор кымбаттоолор тууралуу өз абоненттерине смс-билдирүү жөнөтүшкөн.

Бирок бул демилге коомчулук арасында терс реакция жараткандыктан, Тажикстан президенти 30-августта сим-карталарды кымбаттатуу боюнча чечимди убактылуу четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий