• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда Сирияда согушуп келген жаран 15 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Хатлон облустук соту Яван районунун тургуну Омонкул Эрназаровду Сирияда жоочулардын катарында согушкандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратты. Анын терроризмге шектелген адамдардын тизмесинде болбогону кабарланууда.

Милиция кызматкерлери 25 жаштагы Омонкул Эрназаровду 17-апрелде, Түркиядан кайтып келгенине эки ай болгондон кийин кармашкан. Ал 2015-жылы Орусияга иштегени кетип, бир жылдан соң жакындарына Түркияда жакшы жумуш таап, ошол жакка кеткенин айткан. Бирок анын ал кезде Сирияда жүргөнүн эч ким билген эмес.

Сурак маалында Омонкул Эрназаров Сирияга жалдамачылыкка шектелип издөөдө жүргөн агасынын кеңеши менен барганын билдирди. Айтымында, ал ИМ тобунун «Ал-Бухори» бөлүгүнүн катарында жүргөн жана андан тышкары ага 350дөй өзбек жараны дагы мүчө болгон.

Сотто Эрназаров Сириянын Алеппо шаарында сегиз ай согушканын билдирди. Айтымында, акыркы айларда ИМдин акчасы кыйла азайып, жоочуларга айына 30 доллардан төлөп калышкан. «Ал-Бухори» бөлүгү Алеппо үчүн согушта чоң жоготууларга дуушар болуп, эмир Салохиддин бизге чегинүү буйругун берди. Мен учурдан пайдаланып сакалымды алып, дудук сыяктанып качкындарга кошулуп кеттим. Бир нече айдан кийин Түркияга барып, кийин мекениме кайттым", - деди Эрназаров сотто.

Анын адвокаты чет өлкөлөрдө согушуудан өз каалоосу менен баш тартып, үйүнө кайтып келген тажик жарандарын кечирүүгө мүмкүндүк берген өлкөнүн Кылмыш кодексине таянып, Эрназаровдун бошотулушу керектигин билдирүүдө.

Бирок сот бул чара согуштарга түздөн-түз катышпаган адамдарга карата гана колдонуларын айтышты.

Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group аналитикалык компаниясынын баяндамасына ылайык, 700дөн ашык тажикстандык жоочу дале Сирия менен Иракта жүрүшөт жана алардын көбүнүн тагдыры учурда белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий