• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда Сирияга кетүүгө аракет жасаган жаран 12,5 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Тажикстандын Дангарин районун жашоочусу Сирияга кетүүгө аракет жасагандыгы үчүн 12,5 жылга түрмөгө кесилди. Анын жоочуларга кошулууга ниеттенип жатканын укук коргоо органдарына бир тууган агасы айткан. Ал өкүм чыккандан кийин “Сириядагы согушка баргыча, түрмөдө отурсун” деп кыйкырды.

Батирхон Кавраков “Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу”, “Кылмыш жөнүндө билдирбөө, “Жалданмачылык” беренелери боюнча айыпталып, күнөөсү далилденди.

Шохмурод Кавраков прокуратурага иниси Россияда “Ислам мамлекети” тобунун идеаларын пропагандалап тим болбой, жердештерин Сирия жана Ирактагы согуштарга азгырып жатканын айткан.

Батирхон быйыл январда айлына келген соң дароо кармалган. Ал Сирияга барардын алдында ата-энеси менен учурашып кетүү үчүн келгенин мойнуна алган.

Маалыматтарга караганда, Батирхон Кавраков эки жыл мурун Москвада курулушта иштеген эки жердеши менен бирге жарандарды “Ислам мамлекети” тобуна азгыруу иштерин баштаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий