• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда сойкукана ачкандар үчүн жаза күчөтүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Тажикстан парламенти сойкукана ачкандар үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү бир добуштан колдоду.

Тажикстан Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, күнөөлүүлөр 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга чейин беш миңден он миң сомониге (1100 доллар) чейин айыппул салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр сойкуканаларды экинчи жолу ачкан жана сойкулукка мажбурлаган ортомчуларга тиешелүү болот.

Тажикстан ИИМинин маалыматына караганда, акыркы жумада эле бул сыяктуу иштер менен алектенүү шеги менен эки киши кармалды.

Тажикстанда сойкулук – административдик мыйзам бузуу болуп эсептелет. Жеңил ойлуу аялдарга 500дөн 1000 сомониге чейин айыппул салынат. Экинчи жолу кармалгандар 2000 сомониге чейин айыппул төлөп же 15 суткага чейин административдик камакка алынат.

Пикир

Оставить комментарий