• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда суу ташкыны 2 миллион доллардан ашык зыян алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Тажикстан түштүгүндө тынымсыз жааган нөшөрлүү жамгырдан улам башталган суу ташкыны 2 миллион доллардан ашык зыян алып келди. Расмий маалыматтар боюнча жаратылыш кырсыгынан үч жергиликтүү тургун каза болду.

4-июнда Хатлон облустук акимчилигинин кызматкери Фаридун Давлатов атайын түзүлгөн комиссия суу ташкын келтирген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштери аяктаганын билдирди.

«Кырсык 16-21-май күндөрү облустун төрт районунда болуп, жалпысынан 19,5 миллион сомони (2 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө зыян келтирген. Баарынан да Пянж жана Фархор районунун жашоочулары көп чыгымга учурашты. Учурда атайын кызматтар менен жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюп, жабырлануучуларга жардам берип жатышат», - деди ал.

​Тажик өкмөтүнүн алдындагы Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети селден улам аймакта 30га жакын турак-жай толугу менен бузулуп, жүздөгөн майда курулуштарды суу каптап, жолдор жарактан чыкканын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, селден Фархор районундагы Сурхоб айылынын 25 жаштагы тургуну каза болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Пянж районунда болсо жаратылыш кырсыгынан эки бала каза тапты. Бирок жергиликтүү тургундар суу ташкындан кеминде алты киши өлгөнүн билдиришүүдө. Райондун жашоочусу Хожи Курбондун айтымында, буга чейин үч кишинин сөөгү табылган, учурда дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө иштери уланууда. Сел тургундардын көбү үйдө отурган кезде күтүүсүздөн башталган. Андан райондун үч айылдык кеңешиндеги турак-жайлар, айдоо жерлер жана жолдор зыянга учураган.

Тынымсыз жааган жамгырдан улам бул күндөрү Тажикстандын башка аймактарында дагы суу ташкындары болгон.

Пикир

Оставить комментарий