• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда төрөт учурунда өлгөн келиндин сөөгү эксгумацияланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Тажикстандын Файзабад шаарында төрөт учурунда өлгөн келиндин туугандары өлүмдүн себебин билүү үчүн сөөктү эксгумациялоого макул болушту.

Бирок мунун алдында алар маркумдун кан анализин орусиялык лабораторияларда текшерүүгө жөнөтүүнү сурашты.

Үч баланын энеси, 30 жаштагы Фарида Шарифова 16-июлда төртүнчү баласын төрөп жатканда көз жумган. Баланы да сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Дарыгерлер бейтаптын варикозу болгонун, жүрөгү токтоп өлгөнүн билдиришкен. Бирок маркумдун туугандары бул версияга ынанбай, Фариданын өлүмү үчүн дарыгерлерди күнөөлөшүүдө.

Алар буга чейин бул окуяны терең иликтөөгө көмөктөшүүнү сурап, президентке жана Саламаттык сактоо министрлигине кат жазышкан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикстанда орто эсеп менен 100 миң кош бойлуу аялдын 24ү төрөт учурунда көз жумат.

Пикир

Оставить комментарий