• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда Түркмөнстандын маданият күндөрү өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Жекшемби күнү Түркмөнстандын 350 өнөр адамы Душанбеге барды. Анда 14-15-октябрда Түркмөнстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Тажикстан Маданият министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Түркмөнстандын маданият күндөрүнүн алкагында эки чоң концерт болот. Маданий иш-чаралардын бир бөлүгү 30 миңге жакын түркмөн улутундагы жаран жашаган Дусти районунда өтөт.

Тажикстанда Түркмөнстандын маданият күндөрү өтө тургандыгы жөнүндө былтыр түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Душанбеге жасаган расмий сапары маалында айтылган.

Тажикстандын расмий түзүмдөрүндөгү өз булактардын кабарлашынча, делегациянын курамында көп адам боло тургандыгы жөнүндөгү кабар алар үчүн күтүүсүз болгон. «Адатта Маданият күндөрүнө 80-150 кишиден турган делегация жөнөтүлөт. Ашхабад болсо 300дөн ашык киши келе турганын айтты. Эгер тажик тарап мынча көп адамды кабыл алууга макул болбой койсо, ортодогу мамилеге таасир этмек. Ошондуктан меймандарды толук курамда тосуп алуу чечими кабыл алынды», — деди булак.

Түркмөнстандын буга чейинки Тажикстандагы маданият күндөрү 2014-жылы жайында өтүп, ага 60 өнөр адамы катышкан.

Пикир

Оставить комментарий