• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда түрмөдөгү мурдагы министр кыйноого кабылганын четке кагышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Тажикстандын Юстиция министрлиги жана Вахдаттагы түрмөнүн жетекчилиги соттолгон ишкер Зайд Саидовго карата кыйноолор колдонулганы тууралуу интернетте жарыяланган маалыматты четке кагышты.

Алар абактан качууга ыктагандардын тизмесинин арасында Зайд Саидовдун ысымы бар экенин тастыкташты. Бирок Вахдат түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан, 29 жылга кесилген мурдагы өнөр жай министринин туугандары анын ден соолугуна кабатыр болушууда.

Зайд Саидов “Жаңы Тажикстан” аттуу партия түзүү ниетин билдирген соң, 2013-жылы кармалган. Аны тарапташтары саясий туткун катары эсептешет.

Пенитенциардык системанын жетекчиси Изатулло Шарипов 6-декабрда Зайд Саидовго катаал мамиле жасалгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, камактагы бардык жарандардын абалы жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий