• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө милдеттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Тажикстанда тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө жана чет өлкөлүк туристтер менен сүйлөшүүнүн этикасын сактоого милдеттендирилди.

Өлкө ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеме башкармалыктарында англис тилин окутуу боюнча атайын курстар уюштурулду.

«Министр бардыгына чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүү этикасын сактоо жана англис тилин үйрөнүү тапшырмасын берди. Сабактар белгилүү бир күндөрү жана белгилүү бир сааттарда болот. Кызматкерлер аларга жумуштан сырткаркы убактарда катышууга милдеттүү. Биздин кызматкерлердин көбү орусча сүйлөшөт, бирок алар туристтерди түшүнүп, алар менен англисче дагы сүйлөшө билсе андан да жакшы болот», – деп билдирди ИИМ өкүлү.

Акыркы жылдары тажик өкмөтү өлкөнү туристтер үчүн жагымдуу кылуу аракетин көрүүдө. Былтыр бул максатта өкмөттүн алдында Туризмди өнүктүрүү боюнча атайын комитет түзүлсө, президент Эмомали Рахмон 2018-жылды Туризмди өнүктүрүү жана элдик кол өнөрчүлүк жылы деп жарыялаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий