• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда тик учак аскага урунду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чет өлкөлүк альпинисттерди алып бараткан МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганын кабарлады.

Борттогу 16 жүргүнчү, анын ичинде үч учкучтун тагдыры белгисиз.

Окуя жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бараткан маалда болгон.

Исмоили Сомони Тажикстандагы эң бийик чокулардын бири болуп эсептелет, бийиктиги – 7495 метр.

Айрым ММКлар альпинисттердин арасында Орусия, Беларус жана Испания жарандары бар экенин билдиришүүдө, бирок бул маалыматты расмий түрдө эч ким тастыктай элек.

Пикир

Оставить комментарий