• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда тогуз айда 411 миң жаран өлкө сыртына иштегени кеткен

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Тажикстанда ушул жылдын тогуз айында 411 миңден ашык жаран өлкө сыртына иштегени кеткен. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын экономикалык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-сентябрь айларында эмгек миграциясына кеткен жарандардын саны артып, 2018-жылга караганда 26%га өскөн.

Ошондой эле эмгек миграциясынан мекенине кайтып келген жарандардын саны былтыркыга караганда 10%га көбөйүп, дээрлик 280 миң адамды түзгөн.

Тажикстандын экономикалык өнүгүү министрлиги белгилегендей, өткөн жылга салыштырмалуу эмгек мигранттарынын санынын артышы, эмгек мигранттарына түзүлгөн жакшы шарттар жана Россиянын экономикасынын өсүшү менен байланыштуу.

Агенттик жазгандай, тажикстандык эмгек мигранттары негизинен Россияга кетет. Россиянын миграция мекемесинин маалыматы боюнча, ал жакта 1 миллиондон ашык Тажикстандын жараны иштеп, жашап келет.

Пикир

Оставить комментарий