• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда тополоң чыккан түрмөнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Тажикстандын Вахдат шаарындагы түзөтүү абагында чыккан тополоңго байланыштуу беш түрмө кызматкери жана камактагы 40 адам жазаланат. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигиндеги өз булактар кабарлашты.

Алардын айтымында, учурда бул окуя боюнча тергөө иштерин өлкөнүн Башкы прокуратурасы жүргүзүүдө.

«Азырынча тергөө аяктай элек. Башкы прокуратура тополоң маалында коопсуз жерге жашынып алган беш түрмө кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Мындан тышкары башаламандыктарга катышкандыгы үчүн камактагы 40 адамга жаза мөөнөтү кошулушу мүмкүн. Учурда алар сурак берип жатышат», — деп билдирди булак. Ал түзөтүү абагынын башчысы Махмад Абдуллоев тополоңдун алдын алууга аракет кылганын айтып, ал жазаланбай турганын кошумчалады.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, «Ислам мамлекети» тобунун тарапташтарынан турган камактагы адамдар абакта тополоң чыгарышкан. Алар алгач үч түрмө кызматкерин барымтага алып, андан кийин аларды өлтүрүшкөн. Мындан тышкары камактагы 29 адамды, анын ичинде өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Бирок тажик бийлигинин оппоненттери бул версияга ишенбей жатышат. Курамына Ислам кайра жаралуу партиясы кирген Тажикстандын улуттук альянсы абактагы тополоң боюнча бул окуяда каза болгондордун туугандарынын, тажик өкмөтүнүн, жарандык коомдун, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда көз карандысыз тергөө комитетин түзүүгө чакырды. «Бул комиссия Вахдат жана Хожент түрмөлөрүндөгү окуялар боюнча тергөө жүргүзүп, жыйынтыктарын коомчулукка жарыялашы керек», — деп жазылган альянстын билдирүүсүндө.

Учурда Вахдат шаарындагы түрмөдө тергөө иштери уланып жатат. Абактын жетекчилигинен билдиришкендей, коопсуздук максатында камактагылардын, анын ичинде тополоңго катышпагандарынын дагы туугандары менен жолугуусуна убактылуу тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий