• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстанда тунгуч президенттин жубайы өрттөн улам каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12. 17 /Кабар/. Тажик бийлиги өлкөнүн тунгуч президенти Рахмон Набиевдин жубайы Майрам Набиеванын өлүмүнүн себептерин иликтейт. Маалыматтарга караганда, 80 жаштагы Майрам Набиева 28-декабрда Худжандда үйүнөн чыккан өрттөн улам каза тапты.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, кырсык болгон жерде тергөөчүлөр жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Майрам Набиеванын туугандарынын биринин айтымында, өрт күндүн экинчи жарымында чыккан. “Майрам апа үйдө жалгыз болчу, иске уулугуптур”, - деди ал.

Майрам Набиева 1937-жылы төрөлгөн. Акыркы жылдары Душанбеде жана Худжандда жашаган. Анын жолдошу – Рахмон Набиев 1993-жылы 11-апрелде инфаркттан улам көз жумган.

Рахмон Набиев 1991-жылы 24-ноябрда Тажикстандын президенти болуп шайланган. 1992-жылы 7-сентябрда Душанбе шаарындагы аэропорттон Худжандга учуп баратканда оппозиция тарапташтары тарабынан курчоого алынып, сапары үзгүлтүккө учураган. Ал ошол эле күнү кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий