• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда туулган күнүндөгү ысырапкорчулугу үчүн бир чиновник кызматынан алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Тажикстанда туулган күнүндөгү ысырапкорчулугу үчүн Пенжикент шаарынын Хурми жамаатынын (өзүн өзү башкаруу органы) башчысы кызматынан алынды. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, 20-мартта Пенжикент шаарынын Хурми жамаатынын башчысы Ахмадулло Иброхимов туулган күнүн белгилеп, үйүнө көп адамдарды чакырган. Ал күнү коноктор үчүн эки банкет уюштурулган – күндүзү жана кечинде. Бул салтанатка келген коноктордун арасында салык кызматынын, аскер комиссариатынын өкүлү, Хурми жамаатынын катчысы ж.б. болгон.

Тажик телеграф агенттиги жазгандай, прокурордун сунуштамасынан кийин Пенжикент шаарынын мэри, Иброхимовду кызматынан алган.

Ошол эле учурда, Башкы прокуратура, конокко барган башка адамдардын мамлекеттик кызматта калар-калбасы каралып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Тажикстан ашыкча ысырапкорчулук менен күрөшүп келет. Ал боюнча 2007-жылы 8-июнда "Салт, салтанат жана каадаларды тартипке келтирүү" мыйзамы иштеп баштаган. Мыйзамды бузгандарга карата айып пулдар да белгиленген.

Маселен, 2018-жылы аталган мыйзамды сактабагандыгы үчүн 648 адамга айып салынып, айып 3 млн. сомонини (318 миң доллар) түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий