• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда тышкы карызды бөлгөндө ар бир жаранга 260 доллардан туура келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. Эл аралык Moody’s рейтинг агенттигинин баасы боюнча, 2017-2018-жылдары Тажикстандын тышкы карызы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 55 пайызын түзүп, дээрлик эки эсеге өсөт.

Moody’s Тажикстандын карызы Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн сырттан алынчу каражатка байланыштуу көбөйөт деп болжолдоодо. Агенттиктин маалыматына караганда, киреше беренелери менен чектелген тажик экономикасына сырткы карыздардан кутулуу абдан оор болот.

Агенттиктин 22-октябрда жарыяланган баяндамасында дүйнөдөгү өлкөлөрдүн экономикалык дараметине баа берилген. Анда Тажикстан сырткы карызынын көбүн чет өлкөлүк валютада алганы белгиленип, улуттук валютанын курстук айырмачылыгынан улам карыздарды пайызы менен төлөп кутулуу абдан кыйын болору жазылган.

Бирок өлкөнүн Каржы министрлиги эл аралык агенттиктин мындай божомолу менен макул эмес. Мекемеден өлкөнүн сырткы карызынын көлөмү кыйла аз экенин жана ал ички дүң өнүмдүн 32 пайызын түзөрүн билдиришти. Жыл башында Тажикстандын сырткы карызы 2 млрд 274 млн долларды түзгөн.

Министрликтен эгер өлкөнүн жалпы карызын Тажикстандын ар бир жашоочусуна бөлсө, орточо эсеп менен ар бир жаранга 260 АКШ долларынан туура келерин айтышты. Эгер Moody's агенттигинин божомолу туура чыкса, ар бири жарандын карызы 500 долларга жетет.

Пикир

Оставить комментарий