• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда тышкы паспорт алууну каалагандар көбөйүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Тажикстан менен Өзбекстан жарандардын 30 күнгө чейин визасыз кирип-чыгуусуна мүмкүндүк берген макулдашууга кол койгондон кийин тышкы паспорт алуу үчүн кайрылган тажик жарандарынын саны көбөйдү. Бул тууралуу өлкө ИИМинин каттоо жана виза бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин тажикстандыктардын көбү тышкы паспортту Орусияга кетүү үчүн алып келишсе, учурда Өзбекстанга барууну каалагандар алып жатышат. Марттын ортосунан бери алардын саны болжол менен 30 пайызга көбөйгөн.

Жакында эле Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагына тышкы паспорттор аркылуу гана кире алышат.

Тажикстанда биометрикалык тышкы паспорттун расмий баасы 75 АКШ долларын түзөт. Мындан тышкары документ алып жаткан адам мамлекетке салык катары 75 сомони жана кызмат көрсөтүү үчүн 40 сомони төлөшү керек болот.

Пикир

Оставить комментарий