• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда Ухандан келген 40тан ашуун студент карантинден чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Тажикстанда карантин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Ухань шаарынан келген 46 студент 26-февралда “Харангон” санаторийинен үйлөрүнө чыгарылды.

Бардык студенттер 11-февралда «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы менен Айнидеги аскердик аэродромго конушкан.

Душанбе инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Турахон Шарифзода 15 күндө бир дагы кишиден кандайдыр бир оору, анын ичинде сасык тумоо же коронавирус аныкталбаганын билдирди.

«Эки жолу тең анализ алынганда – студенттер Ухандан келгенде жана аларды карантинден чыгарар күнү коронавирус табылган жок», – деди Турахон Шарифзода.

Ага карабастан, студенттер дагы 14 күн жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Студенттерди Ухандан Душанбеге чейин коштоп келген 17 киши – Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, дарыгерлер жана учак экипажы дагы карантинден чыкты.

Тажикстан Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан Кытайдан келген 882 кишинин карантин мөөнөтү аяктады, дагы 203ү атайын жайларда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий